super.kg logo

"Ачык эле уурдоо". Депутат Маткеримов мамлекеттик ооруканалардагы бөлүм башчыларды көзөмөлгө алууну сунуштады

 

Бүгүн, 7-октябрдагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында "Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Документте мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерине бир эле маалда жеке клиникаларда дагы иштөөсүнө тыюу салуу сунушталууда. Жыйында депутат Айбек Маткеримов мындай чараны мамлекеттик ооруканалардын бөлүм башчыларына дагы колдонууну сунуштады.

"Бөлүм башчыларды саат 12ден кийин таппайсың. Мен канчасын ордуна барып, көрүп дагы айткам. Мына бул боюнча канчалаган иликтөөлөр социалдык тармактарга чыгып жатса дагы чара көрүлбөй жатат. Кээ бири ачык эле "ооба, менин жеке клиникам бар, барып иштейм" деп айтып жатат. Бул эмне деген көрүнүш. Кээ бири кол алдында иштеген дарыгерлерди "оорулуу жөнөтпөсөң көрөсүң" деп кыйнап жатышат. Акчасын алгыча операцияны жеке клиникада жасайт, дарылануулары мамлекеттик ооруканада болуп жатат. Ачык эле уурдоо болуп жатпайбы", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: