super.kg logo
  Саясат  

Жоргоку Кеңеште кыргыз тилин билүү боюнча тестирлөө өтүп, төрага Шакиев жогорку балл алды

 

Бүгүн, 7-октябрда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы "Кыргызтест" мамлекеттик мекемеси парламенттин имаратында көчмө тестирлөө акциясын уюштурганын билдирди.

Маалыматка ылайык, С1 деңгээлиндеги тестирлөөгө төрага Нурланбек Шакиев дагы катышып, эң жогорку балл алган. Ошондой эле ал мыйзам чыгаруу кызматында эмгектенген бардык кызматкерлер мамлекеттик тилди жогорку деңгээлде билиши керектигин белгилеген.

"Өткөн жылы депутаттар конституциялык макамга ээ "Мамлекеттик тил жөнүндөгү" мыйзамды кабыл алганбыз. Андыктан аталган мыйзамдын талаптарын бекем сактап, мыйзам чыгаруу жана документ жүгүртүү ишинде кыргыз тилин кеңири колдонушубуз керек. Бул үчүн кызматкерлер мамлекеттик тилди толук билиши зарыл", - деген Шакиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: