Чүйдө 40 жаштагы Бактыгүл Асылбекова дайынсыз болууда

Чүй облусундагы Жайыл районунун 40 жаштагы тургуну Бактыгүл Асылбекова изделүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИБинен кабарлашты.
Андагы маалыматка караганда, 9-сентябрда анын жолдошу милицияга кайрылып, жубайы 23-июлда саат 14:00 чамасында үйүнөн чыккан бойдон кайрылып барбаганын айткан.
Учурда аталган факт Жайыл РИИБине катталып, издөө иштери уланууда.
Белгилери: бою 155-160 сантиметр, толук дене түзүлүштө, чачы ийинине чейин кыска, ээгинде меңи бар, 2-топтогу майып. Ал кызгылт спорттук кийим, ак бут кийим кийип, ак сумка көтөрүп жүргөн.
Милиция көргөн-билгендер болсо төмөндөгү байланыш номурларга кабарлап коюуну суранат: 0701 203102; 0312 221558; 03133 35184.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.