Кыргызстандык спортчу кыздар дүйнө чемпиондугуна катышат
Кыргызстандык балбан кыздар Албанияда өтө турган дүйнө чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында маалымдалды.
Маалыматка ылайык, мелдешке 23 жашка чейинки спортчу кыздар барат. Чемпиондук 21-октябрда башталып, 27-октябрга чейин уланат.
Кыргызстандан бул мелдешке Арууке Кадырбек кызы (55 килограмм), Сезим Жуманазарова (57 килограмм), Калмира Билимбекова (62 килограмм), Дилназ Сазанова (65 килограмм) жана Нурзат Нуртаева (68 килограмм) барат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.