super.kg logo

"УКТнын мүчөсү курал саткан". Милиция шектүү маркум Көлбаевдин Таластагы көзөмөлдөөчү болгондугун билдирди

 

Маркум Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү "Баха" кармалды. Бул туурасында бүгүн, 7-октябрда ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, милицияга "Баха" аттуу жаран ок атуучу курал сатуу аракетин кылып жүргөнү белгилүү болгон. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (ок атуучу куралды сактоо) менен кылмыш иши козголгон.

Бишкек шаарынын аймагында атайын операция жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө Талас облусунун 1981-жылы туулган Э.Б. аттуу тургуну кармалган. Ал Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат жана Талас облусу боюнча көзөмөлдөөчүсү болгондугу маалыматта кошумчаланган.

Тинтүү учурунда анын жанынан номери өчүрүлгөн Макаров үлгүсүндөгү тапанча жана 7 грамм болгон «гашиш» баңгизаты табылып, алынган.

Учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: