super.kg logo

"Ал эч жакка качпайт". Камактагы Бекназаровдун туугандары өлкө башчысына кайрылды (видео)

 

Камактагы саясатчы Азимбек Бекназаровдун жакындары президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду. Алардын билдирүүсүн уулу Руслан Бекназаров социалдык баракчасынан жарыялаган.

Анда туугандары саясатчыны үй камагына чыгарып, ишти тергөөгө алууну суранышкан.

"Бейкүнөө эле суралбай түрмөдө жатат. Кайсы күнөсү үчүн жаткандыгын тактап берсеңиздер. Акаев үчүнбү же Бакиевби? Адилеттүү бийлик болсо, аягына чыгып бериңиз.

Улгайып калган кезинде түрмөдө жатышы туугандары үчүн оор болуп жатат. Суракты Бекназаровду үй камагына чыгарып деле жүргүзсө болмок.

Урматтуу президент, бизди уккуңуз келсе, туугандарынан экөөнү жеке кабыл алсаңыз", - деп билдирген жакындары кайрылуусунда.

Эске салсак, 13-сентябрда УКМК Бекназаров 2010-жылдагы Апрель окуяларында банк ячейкаларынан жана өкмөт үйүнөн алынган акча каражаттарды уурдоо жана коротуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу кармалганын маалымдаган. Кийин Бишкетин Биринчи май райондук соту аны 2-ноябрга чейин камакка алынганын билдирген.






Камактагы Бекназаровдун туугандары өлкө башчысына кайрылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.10.2024. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул Бекназаровтун ыры эч эле бүтпөй койдуго, кай жакка барбасын ызы-чуудан башы чыкпайт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: