super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Физиология жана медицина боюнча "Нобель" сыйлыгын эки америкалык окумуштуу микроРНКнын ачылышы үчүн алды

 

"Нобель" сыйлыгын физиология жана медицина багыты боюнча америкалык окумуштуулар Виктор Эмброс жана Гэри Равкан алат. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, бул сыйлык окумуштууларга микроРНКны ачканы жана анын генди жөнгө салуудагы ролун изилдеп чыкканы үчүн берилет.

Молекулярдык биология боюнча көп изилдөө жүргүзгөн бул окумуштуулар ачкан микроРНК башка молекулалар менен катар көптөгөн ген активдүүлүгүн аныктоого жөндөмдүү жана ал организмдин өсүп-өнүгүүсү үчүн өтө маанилүү деп белгиленди.

Виктор Эмброс Вустердеги Массачусетс университетинин профессору, ал дагы АКШнын Улуттук илимдер академиясынын жана Искусство жана илим академиясынын мүчөсү. Ал 70 жашта.

Ал эми 72 жаштагы Гэри Равкан АКШнын Улуттук илимдер академиясынын, Медицина академиясынын жана Философия коомунун мүчөсү.

Сыйлык Швециянын Королдук Илимдер Академиясы тарабынан ыйгарылат, анын өлчөмү 11 миллион швед кронун түзөт. Ал болжол менен 900 миң евро болуп саналат.

Белгилей кетсек, былтыркы сыйлыкты венгриялык Каталин Карико жана АКШлык Дрю Вайсман алган. Алардын ачылышы COVID-19га каршы натыйжалуу туруштук берген вакцинаны ойлоп табууга жардам берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: