Футбол: Тажикстан Орусия менен ойноодон баш тартты
Коңшу Тажикстандын футбол федерациясы Орусия футбол биримдигинин ноябрда улуттук курама командалардын жолдоштук беттешин өткөрүү сунушунан баш тартты. Бул тууралуу кечээ, 7-октябрда Тажикстандын футбол федерациясы билдирген.
Буга себеп Тажикстан курамасынын белгиленген даталарда башка оюндар пландалганы болгон. Мындан улам Орусиянын сунушунан баш тартууга туура келген.
Белгилей кетсек, 7-октябрдан баштап 15-октябрга чейин Орусиянын футбол боюнча курама командасы машыгууларды өткөрөт. Ошол эле учурда улуттук курамага атаандаш табыла элек. Жолдоштук беттешти өткөрүү сунушу Пакистанга жөнөтүлгөн, бирок алар баш тартышкан. Учурда Орусия Сириядан жооп күтүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.