Министрлик ашыкча жүк жүктөп жолго чыккан айдоочуларга айып пул салынарын эскертти
Өлкөдө салынган жолдордун сапатын сактоо, талкалоого жол бербөө максатында текшерүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу кечээ, 7-октябрда Транспорт министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, министрлик өлкөнүн өнүгүшү үчүн стратегиялык, социалдык, экономикалык мааниге ээ болгон жолдор аркылуу көмүр ташып жаткан айдоочуларды жана тиешелүү мекеме-ишканаларды жолдун талкаланышын алдын-алуу максатында мыйзам талаптарын так сактоого чакырат.
"Ашыкча жүк жүктөгөн, салмак-габариттик өлчөмдөрдүн белгиленген ченемдерин сактабаган айдоочуларга тиешелүү протоколдор толтурулуп, анын негизинде айып пулдар салынат", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.