Камбоджада өтүп жаткан Азия чемпиондугуна Кыргызстандын кикбоксчулары да катышууда
Кыргызстандын кикбокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Камбоджада өтүп жаткан Азия чемпиондугуна катышууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, мелдеш бүгүн, 8-октябрда башталып, 13-октябрда жыйынтыкталат.
Курама команданын тизмеси:
Адилтет Улан уулу - 60 килограмм (лоукик);
Аброр Хакимов - 71 килограмм (лоукик);
Азамат Кудайбердиев - 75 килограмм (К1 лицензиялык салмак, Бүткүл дүйнөлүк күрөш оюндары).
Курама команда улук машыктыруучу Куан Абдыраимовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.