Эми Кыргызстандан тоңдурулган картошка фри Алматыга экспорттоло баштайт








Бишкек шаарындагы тоңдурулган картошка фрисин чыгаруучу ишкана жакын арада продукциясын Алматы шаарына экспорттоону пландап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, учурда анын кубаттуулугу саатына 300 килограммды түзсө, жакынкы келечекте аны эки эсеге көбөйтүү мерчемделген. Аталган ишканадан суу ресурсатары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев кабар алды.
Белгилей кетсек, компания 2022-жылдан тартып тоңдурулган картошка фрини чыгаруучу линияны ишке киргизген. Картошка көбүнесе Нарын жана Ысык-Көл облусунун дыйкандарынан сатылып алынат.
Өндүрүштү ишке киргизүү үчүн жабдыктар чет өлкөдөн алып келинген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.