super.kg logo
  Спорт  

Кыргызстандык гимнасттар эл аралык турнирде алдыңкы орундарды багындырышты 

 

Кыргызстандык гимнасттар Сербиянын Белград шаарында өткөн эл аралык турнирде байгелүү орундарды багындырышты. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мелдеш 5-6-октябрь күндөрү өткөн. Ага 16 өлкөдөн келген 600 гимнаст катышкан.

Ал эми Кыргызстандын атынан турнирге Амалия Сейтбекова, Айым Токушова, Амира Мадали, Алтынай Чонбашева, Таисия Пономарева жана Алия Сыдыкбаева катышып, өнөрлөрүн көрсөтүшкөн.

"Алар эстетикалык топтук гимнастика боюнча күмүш медалды жеңип алышты. Ошондой эле Айым Токушова топ менен аткарган көнүгүүсүндө алтын медалга ээ болсо, сегиз жаштагы Арууке Абдырасакова буюмсуз көнүгүүдө коло медалды жеңип алды. Ал эми Таисия Пономарева жана Алия Сыдыкбаева "Мисс Шарм" жана "Мисс жылмаюу" наамдарына татыктуу болушту", - деп билдирди мекемеден.

Гимнасттар Академия Гимнастика, "Ынтымак" спорт мектебинин атынан чыгып, Кыргызстандын желегин желбиретишти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: