super.kg logo

Баткенде облустун 25 жылдыгына карата ар кандай иш-чаралар болот. Тизме

 

Баткен облусунун жана Баткен шаарынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата облустун жер-жерлеринде ар кандай иш-чаралар уюштурулат. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда Баткен облустук өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Ага ылайык, 12-октябрда саат 9:30да Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрынын алдында ишкерлердин жана бизнес өнөктөштөрдүн көргөзмө жарманкеси башталат.

- саат 10:30да “Баткендин өнүгүүсү – өлкөнүн өнүгүүсү” аталышында Эл аралык инвестициялык форум өтөт;

- 13-октябрда 9:30да А.Жайнаков атындагы музыкалык драма театрынын имаратынан алдында Баткен облусундагы жогорку окуу жайларынын жетишкендиктери жөнүндө көргөзмө өтөт. Ал эми 10:00дө илимий-практикалык конференция болот.

- саат 10:00дө Баткен шаарындагы борбордук стадиондо улуттук классикалык кыргыз күрөшү боюнча мелдеш башталат. Баш байге автоунаа. 15:00дө боз үйлөрдүн, улуттук кол өнөрчүлүк жана улуттук тамак аш көргөзмөсү өтөт. Ал эми 17:00дө майрамдын салтанаттуу бөлүгү башталат. Анда кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусундагы гала-концерт майрамдык салют болот.

- 14-октябрда жер-жерлерде 25 объекттин ачылуу аземи өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: