super.kg logo

"Улуттук электр тармагы" ишканасынын жетекчисинин орун басары кармалды

 

Ички иштер министрлиги "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ишканасынын башкы директорунун орун басары Аскат Абылаев кармалганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, ишкана жетекчилиги электр энергиясын керектөө системалары үчүн тетиктерди сатып алууда коррупциялык схемаларга аралашкан.

"Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКсынын кызмат адамдары "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамын одно бузуп, сатып алуучу товардын баасына алдын ала мониторинг жүргүзбөстөн тендер өткөрүшкөн. Ошентип бир гана тендер боюнча 25 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) менен кылмыш иши козголгон.

ИИМ аталаган иш боюнча табылган далилдердин негизинде Абылаев шектүү делип табылганын, ал соттун чечими менен эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин белгиледи.

Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: