super.kg logo
  Саясат  

Базарбеков сот системасы мыйзамсыз иштерге барган судьялардан тазаланып жатканын айтты 

 

Бүгүн, 8-октябрдагы Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков мыйзамсыз иштерге барган сотторго аёосуз күрөш жүрүп жатканын билдирди.

Ал сот системасы мыйзамга каршы келген иштерге барган судьялардан арылышы керектигин белгиледи.

"Мен эч качан ыплас иштерге аралашкан сотторду коргобойм. Мен сот тутумунун кызыкчылыгын гана коргойм. Андай иштерге баргандарды аяган жокпуз. Жадакалса кичинекей балдары бар аял судьялар кармалып, түрмөдө жатышат. "Биздин убакта мындай жок эле" деген сөздөр болуп жатат. Эми ар кимдин түшүнүгү ар башка экен. Азыр өзүбүздүн сот тутуму тазаланышы керек болуп жатат. Андайлар өтө көп. Алардын көбү жаш эле балдар, кийинки келген кадрлар. Мен көбүн тааныбайм. Анан ошолордун колунан ар кандай иштер болуп жатат. Анан аларды кантип жашырасың? Мен аларга кантип айтам "качып кеткиле, силерди кармаганы жатат" деп. Мен андай иштерге бара албайм. Ошондуктан аларга аёосуз күрөш болуп жатат", - деди Базарбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: