super.kg logo

Ошто 16 жаштагы бала 13-кабаттан кулап каза болду

 

Ош шаарында курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн 13-кабатынан 16 жаштагы өспүрүм кулап кетип, каза болду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 8-октябрда шаардык милициядан тастыктады.

Маалыматка ылайык, милицияга 5-октябрь күнү Шамшиев көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн бир жаран кулап каза болгону тууралуу билдирүү түшкөн. Милиция кызматкерлери жерине барып, 16 жаштагы Өзгөн районунун тургуну, Ош мамлекеттик университетинин Финансы жана кредит колледжинин студенти каза болгонун аныкташкан. Ал курулуш компанияга убактылуу иштөө келишими менен курулуш калдыктарын чогултуучу болуп эмгектенип жаткан.

Шаардык милиция учурда аталган факты боюнча тергөө иштери уланып жатканын, маркумдун жашы жете электигине карабай жумушка алынганын аныктоо үчүн тийиштүү текшерүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: