super.kg logo

Дастан Бекешев таксисттерге оң рулдуу унааларын сатууга кеңеш берди

 

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев таксисттерге оң рулдуу унааларын сатууну ойлонууга кеңеш берди.

Анын айтымында, парламент жакын арада таксилерди лицензиялоо боюнча мыйзам долбоорун кабыл алат.

"Унааларды ижарага бергендерге жана такси айдоочуларына жарым жылдын ичинде оң рулдуу унааларын сатууну ойлоно берүүсүн кеңеш кылат элем. Анткени, менин оюмча, Жогорку Кеңеш таксисттерди лицензия сатып алууга милдеттендиргиси келген мыйзам кабыл алат. Патрулдук милиция кызматкерлери депутаттар менен жакшы иштешти. Ал эми азыр депутаттар экономикадан, башкача айтканда, тапканынан ажырай тургандардын коопсуздугу маанилүү экенин айтышууда", - деди Бекешев.

Анын айтымында, таксисттерге Чүй облусунда чыгарылган Chevrolet Cobalt үлгүсүндөгү унааларды лизингге алуу сунушталууда.

"Банкка барып, машинаны лизингге алып, беш жылга төлөсө болот экен. Алар бул унаа үчүн суткасына 512 сомдон төлөсө болорун эсептеп чыгышкан. Ал эми Фитти ижарага алуу, алардын айтымында, алда канча кымбат турат", - деп айтты Бекешев.

Дастан Бекешев ошондой эле бул мыйзам долбооруна каршы экенин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: