10-октябрда Бишкектин дагы бир бөлүгүндө суу токтойт
10-октябрда Бишкекте оңдоо иштерине байланыштуу ичүүчү сууну берүү токтотулат. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда калаа мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объекттеринде саат 9:00дөн 24:00гө чейин суу болбойт.
Өчүрүү төмөнкү көчөлөрү менен чектелет:
- Ала-Арча суусу - темир жол - Жибек Жолу проспектиси - Жаш Гвардия бульвары;
- Жаш Гвардия бульвары - темир жол - Фрунзе көчөсү - Манас проспектиси;
- Дэн Сяопин проспектиси - Ала-Арча суусу – Бөкөнбаев - Кулиев -
Москва - Фучик - Казаков көчөлөрү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.