super.kg logo
  Спорт  

Фу Минг эсиңиздеби? Ал кайрадан "Ак шумкарлардын" оюнуна калыс катары кошулду

 

Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагындагы Катар–Кыргызстан беттешинде сингапурлук калыс башкы калыстын милдетин аткарат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу кабарлады.

"Аль-Тумама" стадионунда өтө турган оюнду сингапурлук Мухаммад Бин Жахари тейлейт. Ага капталдан мекендештери Абдул Бин Хасим жана Энди Минт Лант жардам беришет.

Ошондой эле VAR-системасында япониялык Ийда Жумпей менен кытайлык Фу Минг отурат.

2019-жылы өткөн Азия кубогунда Кыргызстан–ОАЭ беттешинде дал ушул Фу Минг башкы калыс болгон. Анда Фу Минг бир нече талаштуу чечимдерди кабыл алып, көпчүлүк кыргыз күйөрмандарынын нааразычылыгын жараткан.

ФИФАнын эл аралык калысы Бахадыр Кочкаровдун пикиринде, БАЭнин биринчи голу офсайд абалында кирген. Ошондой эле Кыргыз курамасынын дарбазасына коюлган 11 метрлик айып сокку туура эмес коюлган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: