super.kg logo

"БАЭден унаа алып келип берем". Бишкекте шаар тургунунун 29,5 миң долларын алдап алган шектүү кармалды

 

Ички иштер министрлиги ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, милицияга Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылып, август айында Б.Б. аттуу жаран 29 миң 500 долларын алдап кеткенин билдирген. Анын айтымында, шектүү ага Бириккен Араб Эмиратынан Lexus GX-460 үлгүсүндөгү унааны алып келип берүүнү убадалаган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү кармалып, соттун чечими менен убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: