super.kg logo

"Акысыз болот". Өлкөдө экинчи чейректен баштап окуучулар электрондук күндөлүк колдоно баштайт

 
Экинчи чейректен тарта мектептерде билим берүү процессин башкарууну, билим берүүнүн сапатын баалоону жана окуу-методикалык материалдарды бириктирген биринчи улуттук портал болгон электрондук күндөлүк пайдаланыла баштайт. Бул туурасында бүгүн, 8-октябрда Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, электрондук күндөлүк ачык-айкындуулукту жогорулатууга, мектеп, окуучулар жана алардын ата-энелери ортосундагы өз ара байланышты жакшыртууга, ошондой эле окуу процессин оптималдаштырууга мүмкүндүк берет.
Электрондук күндөлүктү колдонуунун негизги артыкчылыктары:
1. Маалыматка оңой жетүү;
2. Окуу процессинин ачыктыгы;
3. Google Classroom менен интеграциялоо;
4. Маалыматтарды автоматташтыруу;
5. Окуу-методикалык комплексти санариптештирүү;
6. Бардык колдонуучулар үчүн акысыз кирүү.
"Бул бардык окуучуларга материалдык абалына карабастан бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыздап, билим сапатын жакшыртуу үчүн ар бир адамга заманбап санариптик чечимдерди колдонууга мүмкүндүк берет. Электрондук күндөлүк – бул билим берүү тармагында санариптик башкарууга толук өтүү жолундагы маанилүү кадам болуп саналат", - деп кошумчаланган маалыматта.
Министрлик электрондук күндөлүк окуучулар жана алардын ата-энелери, мектептер үчүн акысыз боло тургандыгын маалыматта баса белгилеген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: