Ошто мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар арасында спорттук мелдештер уюштурулду





Бүгүн, 8-октябрда Ош шаарында майыптыгы бар адамдардын арасында кичи футбол, шахмат, аркан тартыш боюнча мелдештер өттү. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, спорттук иш-чарага Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын жана Ош шаарынын азиздер жана дүлөйлөр коомунун өкүлдөрү катышты.
"Мелдештер жыл сайын уюштурулуп, майыптыгы бар жарандарды колдоо, дене тарбия жана спортко тартуу, спорттук иш-чаралар аркылуу алардын маанайын көтөрүү максатында өткөрүлүп келет", - деп белгиленген маалыматта.
Анын жыйынтыгы менен жеңүүчүлөр Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан дипломдор, медалдар жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.