super.kg logo

Дене мүчөсүнө каткан... Түркияда аткезчилик жол менен алтын алып келе жаткан өзбек жарандары кармалды (видео)

 

Түркияга 18 килограммдан ашык алтынды аткезчилик жол менен өткөргөн өзбек жарандары кармалды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, кармалгандардын алтоо аял киши. Алардын баары Өзбекстандын жарандары болгон. Алар Бириккен Араб Эмираттарынан келе жатышкан.

Түркиянын Ички иштер министрлигине аткезчилик боюнча алдын ала маалымат келип түшкөн. Кармалгандарды тинтүү учурунда аялдардын биринен салмагы 110 граммдан турган 82 алтын куймасы табылган. Ошондой эле анын дене мүчөлөрүнүн биринен 84 алтын куйма хирургиялык жол менен алынган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча жалпы табылган алтындардын салмагы 18 жарым килограммды түзгөн. Анын жалпы суммасы 1 миллион 600 долларды чапчыйт.

Кармалгандардын баары камакка алынып, учурда тергөө иштери улантылып жаткандыгы маалыматта кошумчаланган.






Түркиядагы аткезчилик.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: