super.kg logo

64 жаштагы пенсионер 6 жашар кызды зордуктады деп айыпталып жатат

 

64 жаштагы пенсионер 6 жашар кызды зордуктады деп айыпталып жатат. Бул тууралуу пенсионердин туугандары журналисттер менен болгон маалымат жыйынында билдиришти. “Менин чоң атам туугандарым менен Ысык-Ата районунда жашайт. Туугандарым ата-энесиз калган 3 жаштагы баланы жана 6 жаштагы кызды багып алышкан. Биздин кошунабыз Элмира Жумабаева бизге бут тосууларды кылып, бир күнү милицияга чоң атам 6 жашар кызды зордуктап койду деп арыз жазып коюптур. Арыз жазган күндүн эртеси милициялар келип, чоң атамды алып кетишти. Чоң атам бала кезинен бери 2-топтогу майып экенине карабай, аны милициялар сабап, 6 жашар кызды зордуктады деген айып коюп коюшту. Ошентип, чоң атам СИЗОдо 6 ай жатты. Ал эми ошол окуяга күбө катары менин 13 жаштагы Айпери деген бөлөм көрсөтүлүп жаткан. Алгач ал чоң атам күнөөлү деп көрсөтмө берип жаткандыгы менен сотко барганда аны бирөө атайын  “чоң атам күнөөлү” деп кыйнап айттырганын айтты. Ошондон кийин эки күн өтпөй өзүн-өзү асып өлүп алды. Бөлөмдү экспертизага жөнөткөндө денесинде жаракаттар бар экени аныкталган. Бирок сот муну суицид катары баалап, изилдебей ишти жаап койду”,- деди кармалган пенсионердин небереси Данияр Акылбеков.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
13.12.2012. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым озу жазаласын ошол эжени жана ошол эжеге кошулуп кылгандарды.Курук дооматтан озун сакта Аллахым.
13.12.2012. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
заман кайда баратат пейилибизди ондойлучу адамдар
16.12.2012. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар жакта ар кандай маалымат тараган,бул жерди окусан кимисине боор тартышты да билбейсин...Кимиси куноолуу болсо да,акыйкат чечилишине тилектешмин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: