super.kg logo

Иттер алардын этин жеген. Казакстанда батирден 3 адамдын сөөгү табылды

 

Казакстандын Темиртау шаарындагы батирлердин биринен үч адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, батирден иттердин улуган үндөрү чыгып, убакыттын өтүшү менен жагымсыз жыт чыга баштаган. Мындан улам коңшулары полиция чакырууга аргасыз болушкан. Жерине келген полиция кызматкерлери менен куткаруучулар эшикти бузуп киришип, 2 эркек, 1 аял кишинин жансыз денесин жана иттерди табышкан.

Караганда облусунун полициясы маркумдардын денесинен зордук-зомбулуктун белгиси табылбаганын маалымдаган.

"Алардын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголду. Өлүмдүн так себебин аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат полициянын маалыматында.

Ошондой эле басылмалар батирден табылган питбул иттери каза болгон жарандардын этин жешкенин жазышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: