super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз курамасынын футболчулары оюн алдында кайсы ыр дем-күч бере тургандыгын айтышты (видео)

 

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчулары беттеш алдында кайсы ырларды угуп, дем-күч аларын айтышты. Алардын табитиндеги ырларын тизмектеген видеону Кыргыз футбол биримдиги жарыялады.

Анда оюнчулардын бири Кыргызстандын патриоттук сезимдерди чакырган ырларды тыңдаса, кээ бири шансон музыкаларынан эргүү ала тургандыгын белгилеген. Ал эми айырымдары англис тилиндеги музыкаларды жактыра турганын айткан.

Белгилей кетсек, улттук курама 3-8-октябрга чейин Сауд Арабиясынын Жидда шаарында машыгууларын өткөрүп, андан ары Катарга барары айтылган.

Курама команда 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында 10-октябрда конокто Катар курама командасы менен, ал эми 15-октябрда өз үйүндө Түндүк Корея менен ойнойт.






Кыргыз курамасынын футболчулары оюн алдында кайсыл ыр дем-күч бере тургандыгын айтышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: