super.kg logo

Өлкөгө Армениядан мыйзамсыз ташылып келинген унаалар аныкталды 

 

Кыргызстандын "Түндүк-Чыгыш" бажы кызматы өлкөгө мыйзамсыз ташылып келген автоунааларды аныктады. Бул туурасында мамлекеттик мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, 24-сентябрда Армениянын мамлекеттик каттоо белгиси менен келе жаткан "Lexus RX 400H" жана "Mercedes-Benz Viano" үлгүсүндөгү унаа каражаттары токтотулуп текшерилген.

"ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагында, жогоруда аталган автоунаа каражаттары бажы жол-жоболоруна жайгаштырылгандыгы тууралуу маалымат жок экендиги тастыкталган. Автоунаалар убактылуу унаа токтоочу жайга жайгаштырылган. Жалпысынан мамлекеттик бюджетке 3 миллион 235 миң 740 сом зыян келтирилген", - деп айтылат маалыматта.

Чогултулган материалдар Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилгендиги маалыматта кошумчаланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: