Баткенде 2 тоннага жакын контрабандалык жүзүмдү алып келүүгө бөгөт коюлду
«Баткен» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери, Чек ара кызматкерлери менен биргеликте бажы мыйзамын бузуу фактысын аныкташты.
Маалым болгондой, Баткен районунун Чон-Талаа айылында Г.М. жана С.М.аттуу жарандардын башкаруусунда 2 автоунаа каражаты токтотулуп, текшерүүгө алынган. Автоунааларда жүк коштоочу документтери жок 1847 килограмм жүзүм табылган.
"Кармалган товардын алдын ала баасы 184 миң 300 сомду түзгөн. Чогултулган материалдар, «Баткен» бажысынын териштирүү секторуна өткөрүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.