super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаровдун Орусияга болгон иш сапары аяктады

 

Президент Садыр Жапаровдун 7-8-октябрда Орусияга болгон иш сапары аяктады. Анда мамлекет башчысы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Аталган иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Орусиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, ошондой эле Аткаруу комитетинин төрагасы – КМШнын аткаруучу катчысы Сергей Лебедев катышты.

КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны тар жана кеңири курамдарда өттү, анын жыйынтыгы боюнча шериктештикке катышуучу-мамлекеттердин башчылары тарабынан КМШ алкагында өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүүсүн арттырууга багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

"Садыр Жапаров анда өлкөлөрдүн лидерлеринин көңүлүн Кыргызстан эл аралык логистиканы кайра форматтоо жана жакынкы жана салттуу өнөктөштөр менен экономикалык өз ара аракеттенүүнүн альтернативдүү моделдерин түзүү процесси менен жаңы реалдуулуктарга жигердүү ыңгайлашып жаткандыгына бурду. Мамлекет башчысы Кыргызстан мындан ары да КМШ алкагында кызматташтыкты жана өлкөлөр ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүнү колдой турганын белгиледи", - деп айтылат анда.

Садыр Жапаров Орусияга болгон иш сапарын аяктап, 8-октябрь кечинде Бишкекке кайтып келди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: