super.kg logo

Армения Азербайжан менен тынчтык келишимине кол коюуга даяр экенин билдирди

 

Армения Азербайжан менен октябрь айында тынчтык келишимине кол коюуга даяр. Бул тууралуу премьер-министр Никол Пашинян Москвада өткөн КМШ өлкөлөрүнүн саммитинде билдирди.

Пашинян келишимдин долбоорунда өлкөлөр ортосундагы тынчтыктын бекем пайдубалына айлана турган принципиалдуу маселелерге токтолду. Алардын ичинде Армения менен Азербайжандын аймактык бүтүндүгүн өз ара таануу жана аймактык дооматтардын жоктугун ырастоо, аларды келечекте жасабоо убадасы да бар.

Мындан тышкары тараптар күч колдонбоо жана коркутпоого, бири-биринин ички иштерине кийлигишпөө жана дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө макулдашууга тийиш.

"Биз бул документке ушул айда кол коюуга даярбыз жана бул биздин расмий позициябыз", - деди Пашинян.

Анын айтымында, келишим долбоору 80 пайызга кем эмес макулдашылган, ал эми жакында эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери бул багыттагы ишти активдештирүү боюнча макулдашышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: