super.kg logo

Араванда 11,3 миллион сомдук жер тилке мамлекетке алынды (видео)

 

Ош облусунун Араван районундагы 11,43 гектар жер аянты мамлекеттин менчигине алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, Араван райондук сотунун 2007-жылдагы чечими менен Юсупов айыл аймагынын Мончок-Тепе участогунда жайгашкан жер тилке Р.Н.нын жеке менчигине мыйзамсыз берилип кеткен. Кийин 2013-жылы аталган жер тартуулоо келишиминин негизинде башка жарандын менчигине өткөрүлүп берилген.

Мындан улам Араван райондук прокуратурасы апелляциялык сунуш келтирип, анын негизинде райондук соттун мурунку чечими жокко чыгарылган.

Ошондой эле прокуратура тарабынан соттун мурунку тартуулоо келишимин дагы жокко чыгаруу доо арызы келтирилген. Натыйжада жайыт категориядагы баасы 117 миллион 360 миң сомду түзгөн жер тилке мамлекеттин менчигине кайтарылды.






09.10.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: