super.kg logo
  Саясат  

Төрага Шакиев Министрлер кабинетин сынга алды

 

Бүгүн, 9-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн парламентке толук даярдыкта келүүсүн талап кылды.

Айрым бейтартип адистердин айынан Жогорку Кеңеш менен Министрлер кабинетинин ортосунда жарака кетип, жагымсыз жагдайлар түзүлгөн учурлар жок эмес. Ишине жоопкерчиликсиз мамиле кылган ошондой кызматкерлерге Министрлер кабинетинин жетекчилери сөзсүз чара көрүшү керек. Эгер чара колдонулбаса, Жогорку Кеңеш тиешелүү иштерди алып барууга укуктуу”, – деди Шакиев.

Ошондой эле ал Министрлер кабинетинин мүчөлөрү парламентке өлкөдөгү көйгөйлөрдү жана аларды чечүү жолдорун ачык-айкын талкуулоо максатында чакырыларын эске салды.

Жетекчилер өз тармактары боюнча тиешелүү маселелерге толук даярдыкта келиши керек. Мыйзам долбоорлору чийки даярдалып, баяндамачылар да суроолорго жооп бере албагандыктан өткөн жумада эки маселе күн тартибинен алынды, бир мыйзам долбоору өтпөй калды. Мындай жагдайлар кайталанбашы зарыл”, – деди төрага.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: