super.kg logo
  Саясат  

Депутат Акаев парламент кабыл алган мыйзамга шек келтирүү болгонун айтты

 

Бүгүн, 9-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев Бишкек мэриясынын билим берүү департаментин парламент кабыл алган мыйзамга шек келтирүүнү токтотууга чакырды.

"Бишкектеги гимназия, лицейлерде мугалимдердин жумуштан кетиши боюнча билим берүү департаменти комментарий берип жатып, парламент кабыл алган, президент кол койгон мыйзам долбоорун айыптап өттү. Алар мыйзамда гимназия, лицейлер тууралуу түшүнүк жок дейт. Биз кабыл алган мыйзам боюнча, ал Министрлер кабинети тарабынан аныкталат деп турат. Мына ошону билим берүү департаменти окубай, түшүнбөй, билбей туруп, айыптап жатат. 27-августта Министрлер кабинети токтом кабыл алган. Ошондуктан бул маселеде биз кабыл алган мыйзамды дискредитация кылыштын кереги жок", - деди Акаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: