super.kg logo

"5500 сом". Бишкекте таксинин жүргүнчүсүнө таштанды ыргытканы үчүн айып салынды (видео)

 

Бишкекте Honda Jaz үлгүсүндөгү унаанын терезесинен жүргүнчү көчөгө таштанды ыргыткан видео социалдык түйүндөргө тарап, жарандардын талкуусуна алынган.

Ага ылайык, Бишкек шаарынын Муниципиалдык инспекциясы Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы менен биргеликте ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, натыйжада унаанын айдоочусун жана таштанды ыргыткан жарандын өздүгүн аныктады.

Белгилей кетсек, К.К. аттуу жүргүнчү унаанын арткы терезесинен таштанды ыргытканын моюнуна алды.

Муниципалдык инспекция тарабынан Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 115-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык протокол түзүлүп, 5500 сом суммасында айып пул салынды.






09.10.2024

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: