super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар аларды тоготпогон өкмөт мүчөлөрүнө чара көрүүнү талап кылышты

 
Бүгүн, 9-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Министрлер кабинетинин мүчөлөрү аларды тоготпой жатканын айтып, нааразы болушту.
Депутат Марат Мураталиев Мамкурулуштун жетекчисинин орун басары өз укугунан аша чаап, анын ишине кийлигишкенин билдирди.
Аны эл өкүлдөрү Дастан Жумабеков менен Эрулан Кокулов кубаттап, өкмөт мүчөлөрү өз милдеттерин так аткарбай жатканын айтып, аткаминердин бул жоругун мыйзам бузуу катары кароого болорун белгиледи.
Төрага Нурланбек Шакиев дагы минкаб башчысынын төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевге кайрылып, айрым минкаб мүчөлөрү Жогорку Кеңеш менен Министрлер кабинетинин ортосуна жик салып жатканын айтты.
"Айрым бейтартип адистердин айынан Жогорку Кеңеш менен Министрлер кабинетинин ортосунда жарака кетип, жагымсыз жагдайлар түзүлгөн учурлар жок эмес. Ишине жоопкерчиликсиз мамиле кылып, өз милдеттерин билбеген ошондой кызматкерлерге Министрлер кабинетинин жетекчилери сөзсүз чара көрүшү керек. Эгер чара колдонулбаса, Жогорку Кеңеш тиешелүү иштерди алып барууга укуктуу”, – деди ал.
Жыйынтыгында Төрөбаев Таластагы окуя боюнча кызматтык иликтөө жүрө турганын билдирди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: