super.kg logo
  Саясат  

Эки жылдын ичинде Кыргызстан Казакстандан көмүр сатып алууну токтотот 

 

Бүгүн, 9-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев эки жылдын ичинде Кыргызстан Казакстандан көмүр сатып алганды токтото турганын билдирди.

Анын айтымында, Бишкектеги ЖЭБ үчүн көмүр Кыргызстандагы кендерден жана бир бөлүгү Казакстандан ташылып келет. Ал эми бул жылы 750 миң тонна көмүр Кыргызстанда казылып алынса, 250 миң тонна Казакстандан сатып алынат. Буга чейин коңшу мамлекеттен жылына 400-500 миң тонна көмүр ташылып келчү.

"Буга чейин 400-500 миң тонна көмүр ташылып келсе, эмне үчүн бул жылы 250 миң тонна?" деген суроо жаралышы мүмкүн. Белгилүү болгондой, Миң-Кушта Ак-Улак көмүр кени бар. Ал жерден 180-200 миң тонна көмүр өндүрүп, ЖЭБге жагып көрдүк. Калориясы дал келди, ошону пландаштырып жатабыз. Президенттин 2-3 жылдын ичинде "импорттон кетишибиз керек" деген тапшырмасы бар. Эки жылдын ичинде Казакстандан көмүр алганды толук токтотобуз деген пландар бар. Бүгүнкү күндө кайсы кендер менен алардын ордун толуктоону караштырып жатабыз", - деди министр.






Эки жылдын ичинде Кыргызстан Казакстандан көмүр сатып алууну токтотот 

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: