super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеште өкмөттүн кышка даярдыгы тууралуу маалымат угулууда

 

Бүгүн, 9-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында күз-кыш мезгилине даярдык боюнча Министрлер кабинетинин жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маселе каралууда.

Алгач жыйында баяндама жасаган министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүү көрсөткүчтөрүнө токтолду.

"Жылдын башынан бери экономикалык өсүштүн оң тенденциясы сакталып жатат. ИДПнын көлөмү 797 миллиард сом түзүп, 106,6 пайыз өсүү темпин көрсөттү", - деди ал.

Андан соң энергетика министри Таалайбек Ибраев экономика тармактарын жана калкын 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча, анын ичинде суу-энергетикалык кырдаал тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 1-октябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13,033 миллиард метр кубду түзгөн, бул 2023-жылдын 1-октябрына салыштырмалуу 1,289 миллиард метр кубга көп.

Андан тышкары жыйында мектепке чейинки жана жалпы билим берүү чөйрөсүндөгү абалы жөнүндө маселе каралууда. Бул багытта билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева маалымат берип, билим берүү системасында жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: