super.kg logo

"Акчаңарды көбөйтүп берем". Таласта жарандарды миллиондогон сомдорго алдаган шектүү аял кармалды

 

Талас шаарынан жарандардын акчасын алдап алууга шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга 2 жаран арыз менен кайрылган. Алардын бири 2022-жылдын 1-декабрь күнү аял киши "акчаңды көбөйтүп берем" деген убадасы менен 2 миллион 155 миң 500 сомун алып, бербей кеткенин айткан. Экинчиси 2020-жылдын март айында шектүү аялга 1 миллион 700 миң сомун алдатып ийгенин билдирген.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары Талас шаарынын 57 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Милиция кармалган аялдын үстүнөн түшкөн 8 арыз боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын белгиледи.

Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: