super.kg logo
  Саясат  

Нурланбек Шакиев Нурдан Орунтаевди өзгөчөлөнбөй, өз ордун билүүгө чакырды (видео)

 

Бүгүн, 9-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаевди өзгөчөлөнбөй, ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды.

Жыйындын башында депутаттар Мамкурулуштун жетекчисинин орун басарынын айрым жосунсуз жоруктары тууралуу айтып, жооп берүүсүн талап кылышкан.

Ага Мамкурулуштун башчысы Нурдан Орунтаев түшүнбөстүк болуп кеткенин, орун басарына эмнеге депутаттарды анын мекемесинен эч ким коштоп жүрбөгөнүн эле айтканын билдирди.

Андан соң төрага Шакиев айтылган сөз атылган ок экенин белгилеп, Орунтаев тарабынан кечирилгис ката кетирилгенин кошумчалады.

Бүгүн да чакырылган жыйынга келбей, орун басарыңызды жөнөттүңүз. Кийин атайын чакыруу менен өзгөчөлөнүп келдиңиз. Сиз көп эркелебеңиз. Ар бир бийликтин тушунда сизге окшогон “эрке” балдар болгон. Бирок алардын тагдыры эмне менен бүткөнүн көргөнбүз. Биринчи ошол эрке балдар жазаланат. Алар сыяктуу сиз минтип бийликтин ишине көлөкө түшүрбөңүз”, – деди Шакиев.






09.10.2024

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: