super.kg logo
  Саясат  

"Таракан кууп жүргөн дейсиңер". Эрулан Кокулов аткаруу бийлигине нааразычылыгын билдирди (видео)

 

Бүгүн, 9-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов министрлерге нааразычылыгын билдирип өттү.

Анда ал коррупция бүтпөй жатканын айтып, аны менен чогуу күрөшүү керектигине токтолгон.

"Жогорку Кеңеш менен Министрлер кабинетинин ортосунда конфликт чыкканы жатат. Силер чоң жумуштарды аткарып жатасыңар, бирок коррупция бүтпөй жатат. Бир жерге барып, "жакшы болбой жатат могул жериңер" десе, "силер киришпегиле" деп жатасыңар. Мен эл өкүлүмүн, 5 жылга шайланган Жогорку Кеңештин депутатымын. Өзүмө эч нерсе кереги жок. Силерге барсам элдин маселеси менен барам. Мени кабыл алышыңар милдет.

Эмнеге силерге мени ушул жерге отургузган эл баарына чыдашы керек? Бир нерсе айтса эле менин жашоомо асыласыңар. Мамлекеттик кызматкердин этикасын бузуп, "таракан кууп жүргөн" дейсиңер, ушул мамлекеттик кызматкердин сөзүбү? Мени эл депутат катары тааныйт, элдин көйгөйү чыкса барам, айтам", - деди эл өкүлү.






Эрулан Кокулов аткаруу бийлигине нааразычылыгын билдирди

Эрулан Кокулов аткаруу бийлигине нааразычылыгын билдирди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: