super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстан менен Өзбекстан саламаттыкты сактоо тармагы боюнча кызматташат

 

Кыргызстан менен Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрликтери кызматташат. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда аталган министрликтен билдиришти.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Даврон Тахиров менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Ал эми жолугушуу Азербайжанда өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрлеринин 4-жыйынынын алкагында өттү.

Жолугушууда аталган министрликтер кызматташуу тууралуу макулдашуунун негизинде эки өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагындагы өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү маселелерин талкуулашты.

Анда трансплантология, анын ичинде дарылоо жана адистерди даярдоо жаатында тажрыйба алмашууга бурулду.

"Ошондой эле эки өлкөнүн министрликтери калктын ден соолугун чыңдоо максатында бардык белгиленген багыттар боюнча жигердүү кызматташууну улантуу ниетин билдиришти", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: