super.kg logo
  Саясат  

"Кофем төгүлбөптүр". Депутат Акбөкөн Таштанбеков мэрди "көз тийбесин" деп алкоого алды (видео)

 

Бүгүн, 9-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акбөкөн Таштанбеков Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевди мактоого алды.

Ал шаар ичиндеги жолдор жакшы оңдолгонун белгилеп, эми тыгын маселеси гана калганын айтты.

"Жакында унаам менен баратсам, бирөө эле токто деп колун шилтейт. Көрсө, алган кофемди унаамдын үстүнө унутуп кете бериптирмин. Бирок ошол кофем төгүлбөптүр. Жолду сонун кылыптырсыз, урматтуу мэр. Сизге көз тийбесин. Эми бир көйгөй бар, ал тыгын. Бирок, ачыгын айтканда, ал жалгыз эле сиздин колуңуздан келбейт. Анан көлүгүмдү унаа оңдоочу жайга алып барсам "кардарлар азая баштады" деп сизди жамандагандарды көрдүм", - деди Таштанбеков.






09.10.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: