super.kg logo

Бишкекте клиника дарыгери баңгизаттык дарыларды уурдоого шектелип кармалды (видео)

 

Бишкек шаарындагы балдар клиникасынын 33 жаштагы анестезиолог-реаниматологу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ал кызмат абалынан пайдаланып, клиника директорунун атынан дарыны алууга уруксат берген жасалма каттарды даярдап келген. Анын негизинде дарыгер ооруканадан 1340 ампуладагы күчтүү дары-дармектерди уурдап кеткен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 286-беренесинин (Баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды уурдоо же болбосо опузалап алып коюу) жана 291-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун алууга документти мыйзамсыз берүү же болбосо жасалма жасоо) негизинде кылмыш иши козголгон. ИИМ шектүүгө тийиштүү соттук экспертизалар дайындалып, корутундусу менен укуктук баа берилерин белгиледи.

Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн иликтөө иштери жүрүүдө.






09.10.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: