super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров иш сапары менен Мюнхенге барды

 

Өкмөт башчы Акылбек Жапаров иш сапары менен Германиянын Мюнхен шаарына барды. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал сапардын алкагында "Кыргызстандын экономика күнү" деген темада кыргыз-герман бизнес-форумуна, ошондой эле ишкерлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Буга катар Бавариянын премьер-министри Маркус Зёдер жана Ландтагдын президенти Ильзе Айгнер менен жолугушат.

"Иш сапар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналат жана Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы экономикалык мамилелерди өнүктүрүү боюнча үчүнчү жолугушуу", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: