super.kg logo
  Саясат  

Бишкек шаарынын мэри метро куруу боюнча инвесторлордон сунуштар түшкөнүн айтты

 

Бүгүн, 9-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элдар Абакиров Бишкек, Ош шаарларында калктын саны тез өсүп жатканын белгилеп, мэриянын метро куруу планы бар-жогуна кызыкты.

Ал эми Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борборго метро куруу тууралуу инвесторлордон сунуштар түшүп жатканын айтты.

"Кийинки аптанын жума күнүнө жыйын коюлган. Бизге инвесторлор чыгып жатат. Алар метро куруу боюнча сунуштарын беришет. Эгер шарттары жакшы болсо, карап чыгып, баштаганга даярбыз", - деди ал.

Абакиров Ташкент, Алматы шаарларынын калкы миллионго жеткенде метро салынганын мисал кылып, Бишкекте калктын саны 2 миллиондон ашып калганын эскертти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: