super.kg logo
  Саясат  

Депутат Атажанов "Кыргызкөмүрдүн" коррупцияга аралашкан кызматкерлерине чара көрүүнү талап кылды

 

Бүгүн, 9-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ырысбек Атажанов "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары менен Ош филиалынын директору коррупциялык схема түзүп алышканын билдирди.

Атажанов аларга тез арада чара көрүү керектигин айтып, болбосо укук коргоо органдары менен бирге депутаттык комиссия түзө турганын эскертти.

"Кыргызкөмүрдө" 2 "серый кардинал" бар дейт. Сүлүктү шаарында 30дан ашык кен бар экен. Бул экөө коррупциялык схема түзүп, болгону Өзбекстанга 7 гана фирма көмүр экспорт кылат экен. Алар ар бир тоннадан 40 центнерден "доля" алышат. Мен факты менен сүйлөйм", - деди депутат.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Өзбекстанга бир дагы компания көмүр чыгара албастыгын, көмүрдү экспорттоого "Кыргызкөмүр" ишканасы гана укуктуу экенин билдирди.

Ал эми Атажанов алар "Кыргызкөмүргө" кирген компаниялар менен коррупциялык схема түзүшкөнүн, андыктан бул маселени министрден жеке көзөмөлүнө алууну суранды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: