super.kg logo

Бишкек шаардык соту Даниел Ажиевди 9 жылга абакка кескен өкүмдү күчүндө калтырды

 

Бүгүн, 9-октябрда Бишкек шаардык соту 9 жылга эркинен ажыратылган Даниел Ажиевге байланыштуу өкүмдү күчүндө калтырды. Бул туурасында соттун маалымат кызматы тастыктады.

Маалымдалгандай, Бишкек шаардык сотунун кылмыш жана жоруктар боюнча соттук коллегиясы А. Д. (Даниэль Ажиев), А. А. , Т. Н.нын ишин карап, Биринчи май райондук сотунунун өкүмүн күчүндө калтырган.

Эске салсак, Даниел Ажиев былтыр 5-июнда көп сандагы вебкам-студияларды уюштурган деген негизде кармалган. Ал БАЭге качып кетүү үчүн Өзбекстанга барганда колго түшүп, Кыргызстанга өткөрүлгөн.

Ажиев быйыл 31-июлда күнөөлүү деп табылып, 9 жылга эркиндигинен ажыратылганын 30-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдирген. Ошондой эле ал 2 жылга ишкердик менен алектенүү укугунан ажыратылып, мүлкүн конфискациялоо менен жазасын жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөй турганы айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: