super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров учкучсуз учуучу аппараттарды чыгарган компаниянын өкүлү Сельчук Байрактарды кабыл алды

 

Бүгүн, 9-октябрда президент Садыр Жапаров “Baykar Technology” директорлор кеңешинин төрагасы Сельчук Байрактарды кабыл алды. Бул туурасында мамлекеттик башчынын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, жолугушуунун жүрүшүндө аскердик-техникалык кызматташтыкты тереңдетүү жана коргонуу жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы “Baykar Technology” сыяктуу алдыңкы эл аралык компаниялар менен кызматташтыкты бекемдөө өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатууда, улуттук аскердик-өнөр жай комплексин өнүктүрүүдө жана регионалдык коопсуздукту бекемдөөдө негизги ролду ойноорун баса белгиледи.

Сельчук Байрактар компания Кыргызстан менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө даяр экенин айтып, чек аралардын коопсуздугун камсыз кылуу жана потенциалдуу коркунучтардын алдын алуу үчүн натыйжалуу токтотуучу факторду түзүү маселелеринде заманбап технологияларды колдонуунун маанилүүлүгүн белгилей кетти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров Кыргызстандын коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана аскердик потенциалын чыңдоого кошкон зор салымы үчүн Сельчук Байрактарды “Даңк” ордени менен сыйлады.

Өз кезегинде Сельчук Байрактар мамлекет башчысына канаттарында “Манас” эпосундагы негизги учурлар чагылдырылган “Акынжы” учкучсуз учуучу аппаратынын сувенир-макетин тартуу кылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: