super.kg logo

Араван районундагы мектептин мурдагы директору кылмыш жоопкерчилигине тартылды

 

Ош облусунун Араван районундагы мектептин мурдагы директору кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош мамлекеттик университетин гранттык негизде 2018-жылы аяктаган 28 жаштагы жаран Араван районундагы мектептердин биринин мурдагы директору менен ич ара сүйлөшүп, мыйзамсыз эмгек китепчесин алган.

Мурдагы директор аны мектепте иштебей калганына карабастан 2019-2022-жылдардагы жалган буйруктарды каттоо журналына бош орунга жазып койгон. Ошондой эле эмгек китепчесине тарых мугалими болуп жумушка орношкону тууралуу жазуу киргизген. Ал учурда 28 жаштагы жаран өлкө аймагынан тышкары жүргөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголгон.

ИИМ 40 жаштагы шектүү кылмыш жоопкерчилигине тартылып, кылмыш ишин кароо үчүн сотко жөнөтүлгөнүн белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: