super.kg logo

“Бакай Банк” борбор калаадагы экологиялык абалды жакшыртууга салымын кошууну улантып келет

 

“Бакай Банк” “Тазалык” муниципалдык мекемесин шаардын экологиялык маселелерин чечүү жаатында колдоону улантып келет. Бүгүн “Тазалыкка” банк тарабынан жети электросамосвал берилди. Бул экологиялык таза транспорт каражаттары таштанды чыгаруу жумуштарын натыйжалуу кылып, шаардын инфраструктурасына келген күчтү жеңилдетет.

“Тазалык” мекемесинин директору Жолдош Чүштүковдун айтымында, быйыл “Бакай Банк” менен кызматташуунун биринчи гана жылы эмес, банк ишканага байма-бай колдоо көрсөтүп келет.

“Бакай Банкы” бизге электромобилдерди берип эле чектелбестен, бизди ар дайым колдоп келет. Буга чейин банк биздин материалдык-техникалык базабызды жаңылап берген, биз буга адбан ыраазыбыз. Бүгүнкү берилген машиналар биздин кызматкерлердин таштанды чыгаруудагы жумуштарын кыйла жеңилдетмекчи. Мурда мындай иштер үчүн көлөмдүү унаалар колдонулчу, эми иш процесси жеңил жана экологиялык таза дагы болуп калмакчы”,- деп белгиледи Чүштүков.

“Бакай Банк” башкармалыгынын төрагасынын орун басары Нурдин Алыбаев өз кезегинде шаардын экологиялык көйгөйлөрү менен күрөшүүгө коюлган мындай кадамдардын маанилүү экендигин белгиледи.

“Биз экологиялык маселелерди чечүүгө өз салымыбызды кошуп жатканыбызга абдан кубанычтабыз. Биздин мындай кадамдар башка компанияларды да ушул сыяктуу иштерди жасоолоруна шыктандырат деп ишенебиз. Биздин “Тазалык” менен болгон кызматташуубуз улана бермекчи жана шаардагы шарттарды жакшыртуу үчүн зарыл болгон колдоону көрсөтө берүүгө дайым даярбыз”,- деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: